Андорра-Ла-Вилья
Отурукташкан жай
Андорра-Ла-Вилья
|
Андорра-Ла-Вилья - Андорра мамлекетинин борбор шаары. Валира дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1070 м бийиктикте (Европадагы эң бийик жайгашкан шаар) жайгашкан. Калкы 20,4 миң (2004). Шаардын агломерациясы Андорра-Лес-Эскальдесте өлкөнүн калкынын ½ бөлүгү жашайт. Тамеки фабрикасы; сувенир, сыр жасоочу, жүн жип ийрүү ишканалары, музыкалык академия, театр жана башкалар бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (жыгачка жана ташка оймо-чийме түшүрүү) өнүккөн. 9-кылымдын башында негизделген. Ыйык Арменголь чиркөөсү (11-12-кылым), өкмөттүн резиденциясы «Дом долин» (16-кылым; азыр сүрөт жана тарых музейи) сакталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
Европа өлкөлөрүнүн борборлору | |
---|---|
БУУга мүчө өлкөлөр |
Амстердам • Андорра-Ла-Вилья • Анкара • Афины • Белград • Берлин • Берн • Братислава • Брюссель • Будапешт • Бухарест • Вадуц • Валлетта • Варшава • Ватикан • Вена • Вильнюс • Дублин • Загреб • Киев • Кишинёв • Копенгаген • Лиссабон • Лондон • Любляна • Люксембург • Мадрид • Минск • Монако • Москва • Осло • Париж • Прага • Рейкьявик • Рига • Рим • Сан-Марино • Сараево • Скопье • София • Стокгольм • Таллин • Тирана • Хельсинки • Цетине |
Башка аймактардын борборлору |
Гибралтар • Дуглас • Лонгйир • Мальта сарайы • Мариехамн • Сент-Питер-Порт • Сент-Хелиер • Торсхавн • Эпископи |
Расмий таанылбаган өлкөлөрдүн борборлору | Донецк • Луганск • Приштина • Тирасполь |