Мазмунга өтүү

Барчеллона-Поццо-ди-Готто

Википедия — ачык энциклопедия
Барселона-Поццо-ди-Готто
Барчеллона-Поццо-ди-Готто шаарынын көрүнүшү
Герб
Герб
Автономдуу аймак (Сицилия)Сицилия
СтатусОоба
Провинция (ит. Provincia)Мессина
Координаттар38°09′ с. ш. 15°12′ в. д.HGЯO
МэрДжузеппе Калабро
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1835-жылы
Отурукташкан жай статусу[[{{{статустун берилиши}}}]]
Аянты72.5 км² км²
Климатынын түрүСубтропикалык
Убакыт аралыгыUTC+1
Калкы
Расмий тилиИталян тили
Калкы41719 адамды (2011)
Улуттук курамыИталиялыктар
Диний курамыКатолицизм
ЭтнохоронимБарчеллонез
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+39 0941
Почта индекси98051
Почта индекстери98051
Автоунаа кодуМЕ
Расмий сайтышилтеме  (итал.)
Барчеллона-Поццо-ди-Готто (Италия)

Барчеллона-Поццо-ди-Готто (итал. Barcellona Pozzo di Gotto [ˈ]bartʃelˈloːna ˈpottso di ˈɡɔtto]) —Италиянын Сицилия аралындагы шаар. Ал Тиррен деңизинин жээгинде, Сицилиянын түндүк-чыгышында жайгашкан жана Мессина провинциясына карайт.

2011-жылкыга карата 41 719 киши болгон.

Шаардын аталышы анын Испаниянын Барселона шаарына географиялык окшоштугуна байланыштуу болушу мүмкүн, анткени экөө тең деңиз менен тоонун ортосунда жайгашкан."Поццо-ди-Готто" ("Goto кудугу") аталышы XV кылымда белгилүү бир Николò Гото аттуу адам өз жерлерин сугаруу үчүн курдурган кудукка тиешелүү. Убакыттын өтүшү менен бул кудук айланасында чакан айыл өсүп чыккан. Башында Барчеллона жана Поццо-ди-Готто эки башка калаа болуп, алар 1835-жылы биригип, бирдиктүү шаарга айланган.

Барчеллона жана Поццо-ди-Готто башында эки өз алдынча муниципалитет болгон. Илгери Барчеллона Кастрореале шаарынын бир бөлүгү, ал эми Поццо-ди-Готто Милаццого көз каранды айыл катары эсептелген.

Бирок, кийинчерээк экөө тең өз алдынчалыкка жетишкен. 1639-жылдын 22-майында келишим аркылуу Поццо-ди-Готто эркин шаарга айланган. Шаардын гербине ачылган канаттуу падышалык бүркүт жана анын алдындагы кудук түшүрүлгөн. Бул символизм Николò Гото аттуу киши курдурган кудуктун айланасында өсүп чыккан айылдын тарыхын чагылдырган.

Барчеллона болсо 1815-жылы Сицилия парламентинин чечими менен өзүнчө муниципалитетке айланган, бирок анын так чек аралары 1823-жылдын 28-февралындагы Падышалык Жарлык менен бекитилген.

Comune - Barcellona Pozzo di Gotto ( расмий сайт) Archived 2025-02-15 at the Wayback Machine

Il censimento della popolazione e delle abitazioni anno 2011 (калкы)(жеткиликсиз шилтеме)

Perché Barcellona Pozzo di Gotto si chiama così? Storia e curiosità sul nome

La storia di Barcellona Pozzo di Gotto (тарыхы)(жеткиликсиз шилтеме)