Гамма-спектрометр
Гамма-cпектрометр — гамма нурлануунун энергиялык спектрлерин өлчөөчү прибор. Бул спектрометр энергиялары боюнча бири-бирине өтө жакын болгон гамма сызыктарын ажыратууга жөндөмдүү.
Гамма-спектометр негизинен магниттик, кристалл дифракциялык жана сцинтилляциялык болуп бөлүнөт. Магниттик гамма-спектометр кандайдыр нерсени гамма нурлары менен нурландырууда бөлүнүп чыккан экинчи электрондук нурланууларды талдоо үчүн пайдаланылат. Гамма-спектометрдин иштөө принциби гамма нурунун кристалл торчосунан чагылуусуна негизделген. Өлчөөдө мүмкүн болгон жогорку тактыкты дифракциялык гамма-спектометр бере алат. Сцинтилляциялык гамма-спектометрде гамма нурун талдоо сцинтиллятордо экинчи ирет пайда болгон электрондордун жардамы менен жүргүзүлөт. Чоң энергиялуу гамма нурун изилдөөдө ядролук фотоэффект кубулуштарын колдонууга болот. Гамма нуру кагып чыгарган нуклондордун энергиясын аныктоо иондоштуруучу камералар, фотопластинкалар жана башка приборлордун жардамы менен ишке ашат. Аз энергиялуу нурдун энергиясын аныктоо үчүн пропорцпялык санагычтар колдонулат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4