Мазмунга өтүү

Кысса-и-Зилзала

Википедия — ачык энциклопедия
Кысса-и-Зилзала
Кысса-и-Зилзала
ЖазуучуМолдо Кылыч
Нукура аталышыقصۀ زلزله
Тиликыргыз
БасмаканаКазан: Типо-лит. Т-го Д-ма "В.Еремеевъ и А. Шашабринь"
Чыккан жылы1911

Кысса-и-Зилзала (قصۀ زلزله) (Жер-титирөө баяны) - Молдо Кылычтын чыгармасы.

Алгач 1911-ж. Казан шаарынан араб тамгасында чыккан. 1910-ж. Кыргызстандагы, борбору Чоң Кемин болгон, чоң жер титирөө алааматка арналып жазылган казал. Бул кыргыз элинин алгачкы ирет жазылып, басмадан чыккан эмгектеринин бири.

Зилзала чыгармасы адам коому менен табияттын кубулуштарынын ортосундагы мамилеге, коомдук мамилелердин өзгөрүшө, адамдардын күнөөлөрүнөн көбүйүшү чоң табигый кырсыктарга алып келет деген философиялык ойго, акыр заман идеясына (Айтып өттүм далай сөз, Акыр заман журтуна) арналган.

  • Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6