Мазмунга өтүү

Мазари-Шариф

Википедия — ачык энциклопедия
Шаар
Мазари-Шариф
ӨлкөОоганстан
ПровинцияБалх
Координаттар36°42′32″ с. ш. 67°06′39″ в. д.HGЯO
МэрНасир Ахмад Айни
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнүXII кылым
Аянты83 км²
Борборунун бийиктиги380 м
Убакыт аралыгыUTC+04:30
Калкы
Калкы500 000−680 000 адам (2021)
Жыштыгы5 700 адам/км²
Улуттук курамытажиктер, өзбектер, түркмөндөр, хазарлар, пуштундар
Диний курамымусулмандар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+93 50
Мазари-Шариф (Ооганстан)

Мазари-Шариф (дари مزار شریف Mazār-e Šarif, Пушту مزار شریف) — Ооганстандагы чоңдугу боюнча төртүнчү орундагы шаар. Балх провинциясынын административдик борбору. Ооганстандын байыркы жана кооз шаарларынын бири.

Этимологиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Көк мечит

Мазари-Шариф аталышы «ыйыктын мүрзөсү» деген маании билдирет. Бул пайгамбар Мухаммеддин аталаш тууганы, күйөө баласы жана санаалашы болгон Азирети Алинин мүрзөсү ушул жерде жайгашкан деп айтылат. Азирети Алинин мүрзөсү шаардын борборунда жайгашкан, чоң көк кыштар менен кооздолгон «Көк мечит» деген аталыш менен белгилүү болгон ыйык жайда жайгашкан[1][2].

Мазари-Шариф аэропортунун жанында жайгашкан Мармал лагери
АКШ сенатору Жон Керри Балх университетинде, 2011-жылдын май айы
Мазари-Шарифте орусча аталышы кириллица менен жазылган дүкөн
Мазари-Шарифтеги килем сатуучу

Ахемениддер бул аймакты б.з.ч. VI кылымдан баштап көзөмөлдөгөн. Искендер Зулкарнайн азыркы шаар жайгашкан аймакты басып алганы менен, ал өлгөндөн кийин аймак Селевкиддер империясынын курамына кирген. Селевкиддердин алсырашы Грек-Бактрия падышачылыгынын түзүлүшүнө алып келген. Болжол менен б.з.ч. 130-жылы сактар аймакты ээлеп, Грек-Бактрия падышачылыгы кулаган. Юэчжи уруулары Мазари-Шарифти жана анын тегерегин басып алып, Кушан падышалыгынын түзүлүшүнө түрткү болушкан. Кушандардын бийлиги кулагандан кийин аймакты сасанийлер көзөмөлдөгөн. Ислам басып алуучулары Мазари-Шарифке 651-жылы жетишкен[3].

Аймактын тарыхый өнүгүшү байыркы Балх шаары менен байланышат. Зороастризм, буддизм жана кийин исламдын алгачкы кылымдарында Балх маданий жана диний борбор болгон. Окумуштуу Нэнси Дюпри белгилегендей, азыркы Мазари-Шарифдин орду орто кылымдарда Балх аймагынын өнүккөн жери катары белгилүү болгон, бирок бул аймактагы чоң шаарлардын так аталышы IX–X кылымдарга чейин жазма булактарда кездешпейт[4].

Мусулмандар арасында Мазари-Шариф шаарынын негизделиши Али ибн Абу Талибдин сөөгү ушул жерде табылган деген уламыш менен байланыштырылат. Бул уламыш XI–XII кылымдардан тарта жайылып, кийинчерээк шаарды диний борборлордун бирине айланткан[5].

XIII кылымда Чыңгыз хандын аскерлери Балхты кыйраткандан кийин аймак эбегейсиз кыйроого учураган. Илимпоздордун баамында, азыркы Мазари-Шариф аймагы ошол доордо толугу менен бош калган, калктуу жай катары өнүгүшү XIV–XV кылымдарда гана жандана баштаган[6].

XIV–XV кылымдарда аймак Тимуридлердин көзөмөлүндө болгон. Тимурид доорунда Балх менен анын тегерегинде көптөгөн ирригациялык иштери жүргүзүлүп, соода кербен жолдору калыбына келтирилген. Мазари-Шариф дал ушул мезгилде өзгөчө мааниге ээ болгон диний шаар катары белгилүү боло баштаган.

XVI кылымда Түндүк Ооганстан Шейбанийлер мамлекети менен Моголдор империясы ортосундагы саясий күрөштүн талаасына айланган. Мазари-Шариф өзүнүн диний ролун сактаганы менен ири административдик борбор катары функцияларды аткарган эмес.

XVIII кылымдын ортосунда аймак Ахмад Шах Дуррани негиздеген Дурраний империясынын курамына кирген. XIX кылымдын негизги бөлүгүндө Мазари-Шариф жергиликтүү өзбек жана түркмөн урууларынын таасири астында болуп, борбордук ооган бийлигине баш ийген эмес. 1870–1880-жылдары Абдурахман хан түндүктөгү өз алдынчалыкты толук жойгондо гана шаар толук түрдө борбордук бийликке баш ийген[7].

XX кылымдын башында Мазари-Шариф Балх вилайетинин административдик борбору болгон. 1930-жылдары ооган өкмөтү түндүк провинцияларда ири административдик реформаларды жүргүзүү чечимин кабыл алышы, шаардын тез өсүүшүнө түрткү болгон.

1979-жылы советтик аскерлердин Ооганстанга басып кирген мезгилинде Мазари-Шариф советтик аскерлердин стратегиялык пунктуна айланган. 1980-жылдары шаарда советтик гарнизон жайгашып, Балх аймагынын негизги транспорттук түйүнү катары колдонулган.

1990-жылдары Түндүк Ооганстандын саясий абалы кескин өзгөргөн. Башында өзбек командири Абдул Рашид Дустум турган куралчан күчтөр Мазари-Шарифтеги тартипти сактоого аракет кылган. 1997–1998-жылдары шаар бир нече жолу бир куралдуу топтун колунан экинчи куралдуу топтун колуна өтүп турган. 1998-жылдын августунда шаардын аймагына Талибан толук көзөмөл орноткон жана кийин шаардын тарыхында массалык кыргын катары белгилүү болгон окуялар орун алган.

2001-жылы АКШ баштаган коалициянын колдоосу менен түндүктөгү антиталиб күчтөрү Мазари-Шарифти кайрадан басып алышкан. 2001–2021-жылдар аралыгында шаар Ооганстандын эң туруктуу жана экономикалык жактан өнүккөн административдик борборлорунун бири болгон.

2021-жылы Талибан кайра бийликке келгенде Мазари-Шариф каршылыксыз алардын бийлигинин алдына өткөн.

Мазари-Шариф жана анын айланасынын Эл аралык космос станциясынан тартылган сүрөтү, 2016-жыл

Мазари-Шариф — Ооганстандын түндүгүндөгү Балх вилайетинин административдик борбору жана аймактагы эң ири шаар. Шаар Хиндукуш тоо тутумунун түндүгүндөгү Балх ойдуңунда жайгашкан. Географиялык координаттары болжол менен 36°42′ түндүк кеңдикте жана 67°07′ чыгыш узундукта.

Шаардын деңиз деңгээлинен бийиктиги орточо 357 м, бул түндүк Ооганстандагы тегиз аймактарынын бири болуп эсептелет. Мазари-Шарифти курчаган аймак негизинен чөл жана жарым-чөл аймактарына мүнөздүү кургак пейзаждардан турат. Ойдуңдун түштүк жагында Хиндукуш тоолору башталып, түндүк жана батыш тарабы Өзбекстан менен болгон чек арага чейин созулган кең талаалардан турат.

Шаар айланасында бир нече сугат каналдары бар, алардын көпчүлүгү байыркы Балх дарыясынын суу алган жергиликтүү сугат системаларына кирет. Айыл чарбасына ылайыктуу жерлер дарыялардын бойлорунда орун алган. Түндүк тарабындагы кең талаалар Мазари-Шарифти Өзбекстандын Термез шаары менен байланыштырган негизги транспорттук коридорду түзөт. Аймак географиялык жактан Ооганстандын түндүк провинцияларын Борбор Азия менен байланыштырып туруучу маанилүү түйүн болуп саналат. Ошондой эле шаар түндүк провинциялардын ичинде соода, логистика жана транспорт борбору катары маанилүү ролду ойнойт.

Мазари-Шарифтин климаты кургак континенталдык мүнөзүнө ээ. Жайы өтө ысык жана кургак, кышы салыштырмалуу суук жана кургак. Жылдык жаан-чачындын көлөмү аз болгондуктан, шаар айланасы чөл жана жарым-чөл ландшафттары менен мүнөздөлөт.

Июнь–август айларында аба ырайы өтө ысык болуп, күндүзгү абанын температурасы көп учурда 40°C жана андан жогору болот. Июль шаардагы эң ысык ай болуп саналат. Жайында жаан-чачын дээрлик жаабайт, аба кургак, чаңдуу шамалдар бат-бат катталат. Кышы салкын. Январь эң суук ай болуп, түнкүсүн абанын температура 0°C же андан төмөнгө түшүшү мүмкүн. Кар сейрек жаайт жана узакка кармалбайт.

Жылдык жаан-чачындын орточо көлөмү 200 ммден аз. Жаан негизинен кыштын аягы менен жаздын башында жаайт (февраль–апрель). Түндүк Ооганстандын көпчүлүк бөлүгүндөй эле, Мазари-Шарифте да жылдын көп убактысында кургак шамалдар болуп турат. Айрыкча жайында ысык жана чаңдуу шамалдар болуп турат.

Мазари-Шарифтин аба ырайы
Көрсөткүч Үчт Бир Жал Чын Буг Кул Тек Баш Аяк Тог Жет Беш Жыл
Абсолюттук максимум, °C 23 28 32 37 40 43 45 46 39 35 28 23 46
Орточо максимум, °C 10 12 16 23 30 36 38 36 32 24 16 10 23
Орточо температура, °C 4 6 10 16 23 28 31 29 24 16 9 4 17
Орточо минимум, °C −1 1 5 10 16 21 25 23 17 8 2 −1 11
Абсолюттук минимум, °C −16 −13 −5 −1 7 12 12 13 6 −2 −7 −15 −16
Жаан-чачын нормасы, мм 20 30 40 40 10 0 0 0 0 0 10 20 210
Булак: Weatherbase.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]